Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Ош облусунун губернатору Коопсуздук кеңешинин катчысына кол салууга тиешеси жок экендигин билдирди


БИШКЕК. «Агым» гезитине кечээ жарыяланган маегинде Ош облусунун губернатору Накен Касиев Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө кол салууга тиешеси жок экендигин айтып чыкты. Н. Касиев бул туурасында өзүнө карата айтылып жаткан имиш сөздөрдү «чындыктан таптакыр алыс» деп билдирген. Анын пикиринде, мындай сөздөрдү губернатордун саясий атаандаштары атайын чыгарууда. Маекте айтылганга караганда, «М. Ашыркуловдун өмүрүнө кол салууга тиешеси бар» деген айып менен кармалган адам «буга Накен Касиев буйрук берген» деп көрсөтмө берген. Буга байланыштуу Н. Касиев жана анын уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында күбө катарында көрсөтмө беришкени маекте айтылат. Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттик администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө былтыр кол салуу болуп, анда М. Ашыркулов жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG