БУХАРЕСТ. Канаданын Румыниядагы кен иштетүү пландарына каршылык билдирген 200 дөй киши Румынияда наарызылык акциясын өткөрүштү. Канада өлкөнүн Росия Монтана деген жеринде ачык ыкма менен алтын казып ала баштамакчы. Түндө Росия Монтана айылынын жана ага танапташ кыштактардын тургундары Бухаресттеги кафедралдык чиркөөнүн алдында чогулуп, шам чырактардын жарыгында Инжилден дуба окуп чыгышты. 450 миллион долларлык долбоор боюнча, Канаданын "Габриэль Ресоурсес" фирмасы 20 чарчы километр жердеги аянттан 300 тонна алтын, 1700 тонна күмүш казып алууну пландаштарууда. Долбордун ишке ашырылуусу Байыркы Рим дооруна караштуу археологиялык эстеликтерди кыйратып, регионду ээн талаа- эрме чөлгө айландырмакчы. Долбордун айынан 18чи кылымда курулган үч чиркөө да түрттүрүп салынмакчы.