Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Тбилисиде өкмөткө каршы демонстрация өтүүдө


ТБИЛИСИ. Грузиянын баш калаасында өкмөттү "парламенттик шайлоонун жыйынктарын бурмалады" деп айыптаган бир нече миң жаран митингге чыкты. Митингчилердин көбөйүп кетүүсүнө жолтоо болууга аракеттенген полиция Тбилисиге алып баруучу жолдорду тосмого алып, митинге катышуу үчүн шаарга келаткан оппозиция тарапкерлерин өткөрбөй жатат. Оппозициядагы "Бурджанадзе демократтары" блогу менен "Улуттук Кыймылдын" айтымында, митингдин катышуучулары президент Эдуард Шеварднадзенин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Ыктымал боло турган баш аламандыктарга байланыштуу шаарга жүздөгөн полицайлар менен аскерлер тартылды. Кечээ оппозициянын Зугзидиде өткөн митинги учурунда маскачан ончакты киши демонстранттарга автоматтардан ок ачып, бир нече кишини жарадар кылышкан.

XS
SM
MD
LG