Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Иракта америкалык аскерлерге кол салуулар уланууда


БАГДАД. Иракта америкалык аскерлерге кол салуулар уланууда. Буга байланыштуу АКШнын мамкатчысынын орун басары Ричард Армитиж Тикрит, Рамади жана Фалужаны "согуш зонасы" деп атады. Бүгүн Багдадда прессконференция өткөргөн Армитиж Ирактагы абалды турукташыруу аракеттерине башка өлкөлөрдү салым кошууга чакырды. Буштун Жакынкы Чыгыш боюнча жасаган билдирүүсүн коштоп, Армитиж бул региондо демократияны орнотуу мүмкүн деп кошумчалады. Анын айтымында, Иракта демократияны утурлаган көптөгөн өзгөрүүлөр орун алды.

XS
SM
MD
LG