Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Сауд Аравиядагы жардыруудан кеминде 11 адам өлүп, 122 киши жаракат алды


Жарылуу өткөн түнү өлкөнүн башкалаасы Эр-Рияддын жергиликтүү арабдар менен катар чет элдиктер жашаган "Мухайа" турак –жай комплексинде болгон. Жабыр тарткандардын арасында Египеттин, Судандын, Индиянын, Пакистандын, Индонезиянын, Иорданиянын, Ливандын, Сириянын, Түркиянын жарандары, АКШ менен Канаданын араб тектүү атуулдары бар. Саудия бийликтери окуянын терракт катары баалап, бул үчүн "ал-Каида" уюмун айыпташты. Маалыматтарга караганда, жардыруучу зат салынган автоунааны турак жай комплексине Саудия коопсуздук кызмат өкүлдөрүнүн кийимин кийип алган эки адам айдап келген.

XS
SM
MD
LG