Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Эртең президент А.Акаев баштаган делегация Делиге жөнөйт


БИШКЕК. Эртең президент Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясы Индиянын башкалаасы Делиге ЮНЕСКОнун «Бардыгы үчүн билим берүү» аттуу программасынын алкагындагы бийик даражалуу III жолугушууга катышканы жөнөйт. Президенттин басма сөз кызматынын бүгүнкү маалыматы боюнча, эки күндүк иш сапарынын учурунда Аскар Акаев Индиянын президенти Абдул Калам жана премьер-министри Атал Бихари Ваджпаи менен жолугушат. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкка байланыштуу маселелерди талкуулашат. Ал эми Кыргызстандын билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова Индиянын билим берүү тармагынын жетекчилери менен жолугушмакчы. 15 жылга эсептелген «Бардыгы үчүн билим берүү» программасы ЮНЕСКОго мүчө болгон өлкөлөр тарабынан 2000-жылы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG