Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Эртең Бишкекте регионалдык талаш-тартыштар боюнча жыйын өтөт


БИШКЕК. Эртең Бишкектеги «Аларча» резиденциясында Борбор Азия регионундагы талаш-тартыштуу маселелерди чечүүнүн жолдорун жана механизмдерин талкуулаган эл аралык конференция башталат. Бул эки күндүк конференцияга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын тышкы иштер министрликтеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, регионалдык маселелер боюнча адистер катышмакчы. Жыйындын катышуучулары Борбор Азия аймагындагы талаш-тартыштуу маселелерди жөнгө салуу боюнча атайын борбор түзүү боюнча да пикир алмашышат. Эл аралык регионалдык жыйын ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсеси жана кыргыз президентинин Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда. Жыйынга алгач ирет ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси катары бул кызматка жаңыдан дайындалган Маркус Мюллер катышат.

XS
SM
MD
LG