Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Бишкекте теңирчилик боюнча конференция өтүп жатат


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Теңирчилик - Алтай элдеринин дүйнөтаанымы» деген темадагы илимий конференция башталды. «Теңир ордо» коомдук фонду тарабынан уюштурулган бул жыйынга жергиликтүү илимпоздор менен катар чет өлкөлүк окумуштуулар да катышууда. «Манас» эпосунун эки томун жапон тилине которгон жапон окумуштуусу Такаши Осава, даниялык профессор Вольфганг Чарлипп, казак окумуштуусу Нигмат Аюпов, кыргызстандык Чоюн Өмүралиев сөз сүйлөп, теңирчилик тууралуу ойлорун ортого салышты. Маселен, даниялык жана казакстандык окумуштуулар теңирчилик дин эмес, дүйнөтааным экенин белгилешти. Конференция өз ишин улантууда.

XS
SM
MD
LG