Жапонияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо өлкөнүн премьер-министри Дзюнтьитиро Коидзуми жетектеген башкаруучу коалиция жеңишке жетишти. Либерал-демократтык партия жана анын союздаштары төмөнкү палатадагы 480 мандаттын 275не татыктуу болду. Оппозициялык Демократиялык партия 177 депутаттык мандатка жетти. Коидзуминин өкмөтү жапон экономикасын реформалоодо жетишкен ийгиликтери үчүн көпчүлүк шайлоочулардын добушуна ээ болушкан.