Түркиянын Тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн билдиришинче, Ирактын түндүгүндө Ирак күрттөрүнүн күчтөрү жана Түркиядагы күрт отряддары менен АКШнын аскерлери ортосунда куралдуу кагылышуу болду. Бирок бул маалыматты Американын аскер командачылыгы азырынча тастыктаган жок. Өткөн жумада Түркия Иракка аскер киргизүү боюнча мурда кабыл алынган чечимин талкуулаган. Ага Ирактагы Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү каршы пикирлерин билдирген.