Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Грузия президенти оппозиция менен бир пикирге келишкен жок


Жекшембиде Грузиянын президенти менен оппозиция лидерлеринин ортосундагы өлкөдөгү саясий кризистен чыгуу маселеси тууралуу сүйлөшүү оң жыйынтык берген жок. Сүйлөшүүдөн кийин оппозиция лидерлери парламенттин маңдайына чогулган миңдеген демонстранттарга кошулду. Улуттук кыймылдын лидери Михаил Саакашвили :
- Эки саатка созулган натыйжасыз жолугушууну таштап, элиме кайтып келдим. Мен аларга, президент тилекке каршы компромисске барууну каалабай турганын, жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр эместигин атаар элем. Андыктан биз Грузиядагы демократия үчүн тынчтык күрөшүбүздү улантышыбыз керек.
Өлкөнүн президенти Эдуард Шеварнадзе кабарчыларга, оппозиция лидерлери менен жолугушуу пайдалуу болгонун, алар менен диалогду улантууга бара тураганын билдирди. Бирок алардын парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушун президент колдобойт.

XS
SM
MD
LG