Демократтардын өкүлдөр палатасындагы жыйырма алты өкүлү бул маселе боюнча резолюция долбоорун даярдашты. Эгер Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд кызматынан кетсе, Ирактагы америкалык солдаттарга жана АКШнын тышкы саясатына чоң жардам көрсөтүлөт эле, деп билдирди долбоорду даярдаган авторлордун бири, конгрессмен Чарлз Рэнжел. Резолюциянын долбоорунда Рамсфелд Ирактагы кырдаал жакшырып баратканын айтып, америкалык коомчулукту дамамат алдап жатканы белгиленет.