Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Кыргыздын төкмө акындык өнөрү дүйнө шедеврлеринин катарына кирди


БИШКЕК. ЮНЕСКО кыргыздардын төкмө акындык өнөрүн оозеки искусство боюнча дүйнөлүк 28 шедеврдин бири катары тааныды. Бул туурасында ЮНЕСКОнун башкы директору Коитиро Мацуура маалымат таратты. Анын маалыматына караганда, мындай чечим ЮНЕСКОнун Башкы Ассамблеясынын 32-сессиясында бекитилген Материалдык эмес мурастарды сактоо жөнүндөгү конвенцияны ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. «Оозеки жана материалдык эмес» деп аталган шедеврлер эми конвенциянын репрезентативдик тизмесине киргизилет. ЮНЕСКО алгачкы 19 шедеврди 2001-жылы атаган. Эмки шедевлердин тизмеси 2005-жылы аталат.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG