Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:08

Баткендеги Бозадыр чегара бекетине өзбекстандыктар нааразы болуп жатышат


БИШКЕК. Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Бозадыр деген жерге коюлган кыргыз чегара бекетинин кайрадан ишке киришине байланыштуу бүгүн Өзбекстандын Сох районунун тургундары нааразылык акциясын уюштурууга аракеттеништи. Чегара бекетине жакын жерге чогулган 100гө жакын өзбекстандыктар бекетти алып салууну талап кылышты. Чогулган эл менен эки мамлекеттин облус жетекчилеринин орун басарлары жетектеген расмий өкүлдөр жолугушуп, чегара бекети мыйзам чегинде кыргыз жерине орнотулганын түшүндүргөндөн кийин эл тарап кеткен. Бул тууралуу маалымат бүгүн Баткен облусунун губернаторунун аппаратынан алынды.

XS
SM
MD
LG