Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:39

СУУККА ТОҢГОН БАШКАЛАА, МИНА КӨМҮЛГӨН ЧЕГАРА, ЭНЕРГИЯ АКЫСЫН ДООЛАГАН ПРОКУРОРЛОР


Бир аптадан бери Бишкек шаары кеч күздүн суугуна тоңуп, жылуулуктун азарын тартып күн кечирүүдө. Шаар бийлиги шаардыктардын суукка чыдамкайлыгын ушинтип текшерүүдө. Өзбекстандын чегараны бойлото койгон миналары баткендиктердин башына түшкөн оор мүшкүл бойдон калууда. Совет бийлиги жаңыдан орной баштаган чакта Советтер Союзунда 200гө жакын улуттук тилдер болгон. СССР ыдыраган чакта алардын ичинен 100дөн ашууну гана калганы ачыкка чыкты. Социализм дагы 50 жыл турганда кыргыз тили да “өлүү тилдердин” катарына кириши ыктымал эле.

Кошмо майрамдар өткөндөн кийинки кыргыз басылмаларынын бетинен түшпөс тема Бишкектин суукка тоңгону болууда. “Биз мамонттор сындуу кырылып калышыбызды шаар жетекчилиги каалап калганбы?” деп суроо коет шейшембидеги “МСН” гезити. «Ноябрдын он күнү өттү – жылуулуктан дайын жок. Өзбекстандын газ акысын толук төлөй албай карызга баттык, аларды “түбөлүк достук” менен алдаш кыйын”, деп жазат Лариса Ли. Кочкордогу Кубакынын белинде жанартоо жанып чыкканын жазып, Кыргызстанда да вулкандык жарылуулар болоорун жоромол кылган шаардык гезиттин маалыматын “МСН” төгүндөдү. “Жанартоо” деген сенсациялуу окуя адистер барып текшергенде Тоңдун Чойбекбулак адырында болгон өрттөн улам чыккан жоромол экен. Кыргызстандын саясий турмушундагы эки контраст – 7-ноябрда Октябрь майрамын белгилөө, ошондой эле большевиктердин кандуу жазалоосунан курман болгондорду эскерүү Бишкектин эки аянтында өткөнү Замир Өсөровдун “Өктөбүр майрамы менен азалуу жыйын”, Владимир Пироговдун “Ленин эми тирүүлөрдү аяп турат” деген репортаждарында баяндалган. Эл аралык финансы институттарынын кедей өлкөлөргө берген экономикалык кеңештеринин бир да бирөө максатына жетпегени, жакыр мамлекеттердин оңолуп кетпегени Нобель сыйлыгынын ээси Жозеф Стиглицтин китебинде баяндалган. Китептен үзүндү басылманын жаңы санында жарыяланган.

“Ноябрдын этегинде катуу суук түшөт дейт... Кышка даярсыңбы, кыргызым?” деп суроо коет шейшембидеги “Аалам” гезити. “Орус тили менен ойношууга болбойт, ал анча-мынча тилди “оп” тартып жутуп коюуга кудурети жеткен ажыдаардай улуу тил, - деп жазат Байас Турал. - Мисалы, СССР түзүлгөндө 198 тилде сүйлөгөн улут болсо, ал чачырап жок болуп баратканда 101 тилде сүйлөгөн эле улут калган. Калганынын баары орусташып жок болуп кеткен. Бул 70 жыл ичиндеги орус тилинин кылган иши. Эгер дагы 50 жыл СССР кыйрабай турганда, ошол жок болгон 97 тилге кошулуп биз жок болмокпуз”.

“Кыш башталды, бирок жылуулук жок” деп жазат “Республика” гезити. Басылманын шейшембидеги санында Владимир Асевдин “Мина көмүлгөн гүлдүү талааларда балдар набыт болушат” деген макаласы жарыяланды. Кыргызстан Минага тыюу салуу жөнүндөгү эл аралык конвенцияга кол кое элек. Анын бир себеби - республиканын чегара аскерлери эл аралык жанкечтилердин келиши болжолдонгон жолдорго – 38 ашууга мина коюшкан. Өзбекстан Кыргызстан, Тажикстан менен чектешкен жерлерине мина көөмп койгон. Баткенде жыл кур эмес минага жарылып каза болгон адамдардын саны арбып баратат. Материалдык чыгымдар да көп.

Бишкек жылуулук борбору 10-ноябрдан тартып жылуулук бере баштаганын, бирок ал азырынча шаардын борборундагы ооруканаларга, мектептерге, балдар мекемелерине гана бөлүнөөрүн шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. Басылманын жазганына караганда, жылуулук келгенине сүйүнүшкө али эрте. 10 млн. доллар карызына шылтап, Өзбекстан Кыргызстанга келчү газ түтүгүн бууп коюшу мүмкүн. “Электр энергия акысын төлөтүү, аны уурдоого чек коюу амалында “Түндүк электр” акционердик коому Бишкектин чыгышындагы “Учкун” кичирайонуна электрондук эсептегичтерди орнотуп, так эсепке өттү” деп жазат гезит кабарчысы. Ушул жылдын 9 айынын ичинде электр энергиясын уурдоого байланышкан 47 кылмыш иши ачылганын, тармактын материалдык чыгымы 2 миллионго жакын сомду түзгөнүн шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезитинде Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Уларбек Матеев маалым кылды.

Энергетика тармагынын 17 жетекчисине каршы кылмыш иши козголгонун, электр акысын төлөбөгөндөрдүн арасында жетекчи кызматкерлердин да бар экендигин шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити жазды.

Шейшембидеги “Агым” гезитинде экс-министр Муратбек Иманалиевдин пикири жарыяланды. “Менин байкоомдо, Кыргызстандагы демократия болжол менен 5-6 жылдан бери Батыштан грант, кредит алыш үчүн гана ортодогу коммерциялык товарга айланып калды деп ойлойм. Аны басма сөздө да ачык айттым”, дейт М.Иманалиев. “Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 13 жыл ичинде баягы эле тейинде Тажикстандын алдында “таскактап келатыры”, - деп жазат гезит окурманы Астар Өмүргазиев. - Алдуу-күчтүү өлкөлөр оңоло баштады. Ошон үчүн “бечелге жөтөлдүн кереги эмне” дегендей, Нарын аэропортун Кытайга, Ош аэропортун Түрк Республикасына, Ысыккөл аэропортун Жапонияга база кылып берүү жагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзсөк”.
XS
SM
MD
LG