БИШКЕК. Кыргызстанда быйыл 10 ай ичинде 29 миңден ашуун кылмыш, анын ичинде 273 киши өлтүрүү, баңгизатка байланыштуу 2500дөй кылмыш катталып, 3 тонна 73 килограмм баңгизат алынды. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мал уурулук да кеңири тараган кылмыш бойдон калууда. Быйылкы жылы катталган маалыматка караганда, 2570 кара мал уурдалып, анын 1073 ээлерине кайтарылган. Ички иштер министрлиги электр энергиясы боюнча 2 млрд. 78 млн. сомдук дебитордук карызды кайтаруу боюнча да тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Маселен, ИИМдин кызматкерлери Чүйдө 10 млн., Ошто 4 млн. сомду кайтарууга салым кошушкан.