Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Ош облусуна берилген газдын басымы төмөн бойдон турат


ОШ. Ошко келчү газдын басымын көбөйтүп берүүнү өтүнүп, «Өзбекстантрансгаз» акционердик компаниясынын жетекчилигине Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, «Ош газ чарбасы» ишканасынын башчысы Довран Сабиров 9 жолу кат жазды. Ал эми «Кыргызгаз» акционердик коомунун төрагасы Автандил Сыдыков бир нече жолу телеграмма жөнөттү. Өзбекстан тараптан эч кандай жооп боло элек. Кыргыз өкмөтү бул ишке азырынча аралашпай оолак турат. Эч кандай макулдашуусуз же эскертүүсүз эле Өзбекстан тарап 6-ноябрь күнү кечинде Ошко келчү газдын басымын кескин азайтып таштаган. Өзбекстанга Ош облусу жана Ош шаары биригип 75 млн. 992 миң сом карыз.

XS
SM
MD
LG