Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:51

Бейшенкуловалар өздөрүн өрттөй турганын билдиришүүдө


БИШКЕК. Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары Кайриниса Бейшенкулова карыган энеси менен кошо Бишкектеги «Алатоо» аянтында эртең өздөрүн өрттөй турганын билдиришти. Бул тууралуу алар Адам укуктары боюнча коргоо комитетинин кеңсесинде болгон бүгүнкү жолугушууда маалымдашты. «Мындай кадамга барууга өлкөнүн сот жана прокуратура органдарынын бизге карата адилетсиздиги себеп болду», деп айтышты алар. Бейшенкуловалардын айтымында, алар 1995-жылы Кочкор районундагы Ийрисуу деген жердеги сарайды менчиктештирип алышкан, бирок «Кочкорагрохимия» мекемеси ал мүлктү өзүнө кайра алып алган. 18 жолу соттошуудан кийин да Бейшенкуловалар ишти өз пайдасына чече албай коюшкан.

XS
SM
MD
LG