ЖАЛАЛАБАД. Кеңешмеде Майлысуу, Жалалабад, Сузак, Аксы аймагында ичкелте оорусуна 74 киши чалдыгып, азыр ал Ноокен районундагы эки айылга жайылганы айтылды. Бүргөндү айылынан 740 үй-бүлө арыктан суу ичээри аныкталган, 44 үй-бүлөдө ажаткана жок. Жугуштуу дартты токтотууга жиберилген дарыгерлер «оорунун козгогучу Майлысуу дарыясында» деп жатышат. Жергиликтүү эл таза суу чыгарууга зарыл каражаттын 5% чогултууга көнбөй койгон. Анткени казынадан маяна алчу кызматкерлер эмгек акыга кошулган 15% кошумчаны алыша элек. Аксыда мугалимдердин маянасын үч-төрткө бөлүп берүү адаты бар. Жакырчылыкты аныктоодо так эсеп жок. Аны жыл башынан 10% азайтуу милдети турат.