Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

Дүйнөлүк Банк Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын сынга алды


БИШКЕК. Кыргызстанда былтыртан бери киргизилген, медициналык кызмат үчүн кошумча акы төлөө тартиби өзүн актаган жок. Кыргыз чиновниктери жарды дарыгерлер менен оорулуулардын эсебинен баюусун улантууда. Дүйнөлүк Банктын саламаттык сактоо тармагы боюнча миссиясынын өкүлдөрү бүгүн ушундай пикирин айтышты. Алардын сөздөрү боюнча, дарыгерлер өз кызматы үчүн оорулуулардан акы алышын, ал эми оорулуулар өздөрүнө дары-дармек сатып алышын улантууда. «Саламаттык сактоо системасындагы реформалар иштеши үчүн өкмөт тармакты каржылоону көбөйтүшү керек» деп эсептешет Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү. Бирок ушундай кемчиликтерге карабай, жалпысынан реформалардын багыты туура экендиги жана аны Дүйнөлүк Банк мындан ары да колдой тургандыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG