Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Британиянын Өзбекстандагы элчиси кызматына кайтып барат


Британиянын Өзбекстандагы элчиси Грэй Маррей эки ай мурда медициналык кароодон өтүү үчүн деген жүйөө менен мекенине келген. Өзбек бийликтери ал Өзбекстандагы адам укуктарын сынга алгандан кийин кайра кызматын улантышы күмөндүү экенин ишара кылышкан эле. Британ элчиси АКШнын Борбор Азиядагы негизги өнөктөшүн өтө эле катуу сынга алганы үчүн кызматтан кетирилиши мүмкүн деп эсептеген адамдардын тобу ага колдоо көргөзүп, элчиликтин алдында пикетке да чыгышкан. Бүгүн британ тышкы иштер министрлигинен Грэй Маррей Ташкенге апта соңунда кайтып жатканын ырасташты.

XS
SM
MD
LG