Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергетика боюнча агенттигинин Иран өзөктүк курал жасоого аракеттенгени тууралуу далилдер табылган жок деген билдирүүсүн АКШнын расмий өкүлдөрү сынга алышты. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон МАГАТЭнин бул докладына ишенүүгө болбойт деп белгиледи. Анын айтымында, Ирандын атомдук станцияларындагы кооптуу аракеттер өлкөнүн курал-жарак программасынын бир бөлүгү гана. Ирандын президенти Мохаммад Хатами бардык өзөктүк тармактагы пландар тынч максаттарды көздөйт деп билдирген.