Алардын 18и италиялык полициячылар менен жоокерлер болушкан. Италиянын коргоо министри Антонио Мартино бул окуяга байланыштуу Саддам Хусейнге жан тарткан араб экстремисттерин күнөөлөдү. Анын алдында эле АКШ президенти Жорж Буш Вашингтонго шашылыш учуп барган Ирактын башкаруучусу Пол Бремер жана тышкы саясат боюнча кеңешчилери менен жыйналыш өткөргөн. Анын соңунда Бремер: "Биз ирактыктарга алар даяр болор замат бийликти өткөрүп берүүнүн жолдорун издеп жатабыз. Мен Ирактын Башкаруу Кеңешинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуш кылдым, бул маселе талкууланып жатат", - деп маалымдады. Өткөн түнү коалициялык күчтөр Багдаддын чет жагында козголоңчулардын жабдыктары катылган шектүү жайды бомбалап, анда эки ирактык набыт болуп, үчөө жараат алышканы, дагы беш адам камакка алынганы кабарланды.