Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Уулуу калдыктар көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу боюнча үлгү долбоор иштей башталды


БИШКЕК. Ушу тапта Кыргызстанда уулуу заттардын калдыктарын сактоочу 38 жай бар. Жалпысынан анын баарын зыянсыздандырыш үчүн орто эсеп менен 150 млн. доллар талап кылынат. Бул тууралуу экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл Дүйнөлүк Банктын, АКШнын жана Орусиянын жардамы аркасында Майлысуу менен Кажысайдагы уулуу калдыктар көмүлгөн жайларды зыянсыздандыруу үчүн алгачкы үлгү долбоор ишке ашырыла баштады. Дүйнөлүк Банк Майлысуудагы уулуу заттар көмүлгөн жайды зыянсыздандыруу максатында 478 миң доллар бөлдү жана келерки жылы дагы 5 млн. доллар берүүгө убада кылды. Ал эми Кажысайдагы уулуу заттар сакталган жайды зыянсыздандырыш үчүн АКШ өкмөтү 400 миң доллар, Орусия 660 миң доллар бөлүштү.

XS
SM
MD
LG