СОФИЯ. Бүгүн Софиянын борборунда беш миңден ашуун болгар демонстрация өткөрүп, өкмөттөн экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүүнү, болбосо кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Болгар полициясынын билдиргени караганда, беш миңдей киши өкмөт үйүнүн алдындагы көчөлөрдү бөгөп, "Бизге татыктуу айлык маянаны талап кылабыз!" "Кызматтан кеткиле!" деп кыйкырып жатышты. Демонстранттар, ошондой эле, премъер Сакс-Кобург-Готанын кайра Мадридке кетүүсүнө белет алганга жеткидей бир баштык толо тыйын чогултуп, бермек болушту. Кесиптик кошуундар электр-энергия менен азык-түлүктүн кымбатташы болгариялыктарды кедейликтин сазына батырганын айтышат.