Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

Закаев Россияга өткөрүлүп бербейт


ЛОНДОН. Британиянын соту Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадовдун өкүлү Ахмет Закаевди Россияга өткөрүп бербөөнү чечти. Сот Тимоти Уоркмэн Россия Закаевди саясий көз караштары үчүн жазага тартууга ниеттенип жатат деп билдирди. Россия Закаевди 13 кылмышы үчүн, анын катарында, киши өлтүргөн, кишилерди барымтага алган жана башкалардын киши өлтүрүүсүнө шыкакчы болгон деп күнөөлөйт. Бирок британ соту эгерде Россияга өткөрүлүп берилсе Закаев кыйноолорго дуушар болоорун белгилеп, аны кайтарып берүү адилетсиздик болот деген чечимге келди.

XS
SM
MD
LG