СЕУЛ. Түштүк Корея менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын кеңейтүү жөнүндө макулдашышты. Сеулда өткөн сүйлөшүүлөрдө Но Му Хен менен Нурсултан Назарбаев Казакстандын энергия ресурстарын биргелешип иштетүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Мунайга бай Казакстан Түштүк Кореянын бул тармакка көбүрөөк инвестиция жасоосун каалайт. Назарбаев, ошондой эле, Түндүк Кореянын ядролук программасына байланышкан талаш маселенин тынчтык жолу менен чечилүүсүнө колдоо билдирди.