КАБУЛ. АКШнын аскердик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, Ооганстанда коалициялык күчтөрдүн аскердик базасынын жанында эки бомба жарылды. Өкүл Родни Дэвистин маалыматына караганда, жардыруулар эки сааттык аралык менен кечээ кечинде Кандагар провинциясында коалициялык аскерлер жайгашкан жерде болгон. Кол салуудан эч ким жабыркаган жок. Бүгүн талибан бийлигинин баш калаа Кабулду таштап чыгып кеткендигинин 2 жылдык мааракеси белгиленип жатат. 11-сентябрдагы теракттардан кийин АКШ террорчулардын башчысы Усама Бин Ладенге баш баана берген Ооганстанга басып кирген.