Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Израил менен палестин өкмөт башчылары 10 күндүн ичинде жолугушат


ИЕРУСАЛИМ. Израилдин тышкы иштер министрлигинин кабарлашынча, өлкөнүн премьер-министри Ариэл Шарон менен палестин өкмөт башчысы Ахмед Курейи жакынкы он күндүн ичинде жолугушат. Министрликтин айтымында, бул жолугушуу эки тараптын өкмөт башчыларынын адаттагы иш жолугушуусунун бири болот. Август айында Иерусалимде ири террордук чабуул жасалганына байланыштуу Израил палестин жетекчилиги менен белгиленген сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырган болчу. Эки тараптын өкмөт башчыларынан сырткары министрликтер деңгээлиндеги бир катар сүйлөшүүлөр да болмокчу. Кечээ палестин парламенти автономиянын жаңы кабинетин бекитти.

XS
SM
MD
LG