Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

АКШ Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүнү ыкчамдатмакчы


ВАШИНГТОН. Бүгүн жасаган билдирүүсүндө президент Жорж Буш Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремерге Ирактын башкаруу кеңеши менен жолугуп, Ирак өкмөтүн түзүүнүн стратегиясын иштеп чыгууну тапшырганын айтат. Мындан мурда Иракты кайра курууда АКШга өз көмөгүн сунуш кылган Франция, өлкөдөгү бийлик жыл аягына чейин ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берүүгө тийиш деген талабын кайталаган. Франциянын тышкы иштер министри, ошондой эле, Иракты кайра куруу процессинде Улуттар Уюмунун ролун жогорулатууну талап кылган. Бүгүн Япония Ирактагы абалдын кооптуу болуп кала берип жатканына байланыштуу, жыл аягына чейин Иракка өз аскерлерин жөнөтпөй турганын билдирди. Ал эми Түштүк Корея Иракка, АКШ сурангандай 5 миң эмес, үч миң гана жоокерин жибергени жатканын кабарлады. Шаршембиде Италиянын Ирактагы аскердик базасында болгон жардыруудан 28 киши курман болду, алардын 19у - италиялыктар.

XS
SM
MD
LG