Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:27

Сербия жана Черногориянын президенти Светозар Марович босниялыктардан кечирим сурады


Ал 90-жылдардын башында Босния-Герцеговинада серб аскерлери уюштурган кыргын, адилетсиздик, кандуу касташуу үчүн терең өкүнүчүн билдирди. "Мен азыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Босния менен Герцеговинанын ал согуштан запкы тарткан ар бир жаранынын алдында Сербия менен Черногориялыктардын атынан кечирим сурайм", - деди президент Марович. Бул тууралуу ал бейшембиде Сараеводо босниялык кесиптештери менен жолугушуу маалында билдирди. 1992-95-жылдардагы кандуу калайман үчүн бүткүл эл эмес, айрым адамдар айыптуу экенин белгилеп, Сербия менен Черногориянын жетекчиси эскини артка таштап, мындан ары кызматташтыкты чыңдоого чакырды.

XS
SM
MD
LG