Жергиликтүү оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү 2-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бийликтегилер бурмалап салышты деп айыптап, парламенттин алдындагы нааразылык акциясын улантууда. Грузиянын башкы оппозициячыл партиясы, Улуттук кыймылдын лидери Михаил Саакашвили миңден ашуун тарапкерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө грузин президентинин кызматынан кетишин талап кылган кайрылууга калк арасында кол топтой баштаарын билдирди. Грузин президенти Эдуард Шеварднадзе: "Мен бул окуяларга байланыштуу актангым келбейт, анткени биз аларга шайлоо аяктаар замат жолугушууну сунуш кылганбыз. Биз ушуну менен 3-ирет баарын сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырдык. Бүткүл Грузия биз сүйлөшүү жолун колдоорубузду билет", - деп басым жасады Тбилисиде өткөн маалымат жыйынында. Парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары боюнча анда Шеварднадзени колдогон "Жаңы Грузия үчүн" блогу жеңген.