Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Жорж Буш Вашингтон Иракты башкаруу ишине ирактыктар көбүрөөк катышышын каалайт деп билдирди


Анын алдында АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Ирактын башкаруучусу Пол Бремер болочок конституция жазыла электе эле бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнүн жолдорун караштырып жатканын маалымдаган. Ага чейин америкалык өкмөт Ирактын конституциясы даярдалып, ага ылайык шайлоо өткөндөн кийин гана бийлик ирактыктарга берилиши кажет деген пикирде болчу. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл: "Болочок конституция жазылып, ал боюнча шайлоо өткөрүү - өлкөнүн эгемендигин калыптандыруу маселеси күтө албаган узак убакыт талап кылышы мүмкүн деген тынчсызданууну жаратты. Ошондуктан биз азыр бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеп жатабыз", - деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG