Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Баткен облусундагы бодо мал шарп жугуп ылаңдап атат


БАТКЕН. Облустук ветеринария башкармалыганан бүгүн алынган маалыматка караганда, өткөн айдын соңунан бүгүнкү күнгө дейре жалпысынан облус аймагында 73 баш бодо малга шарп жуккан. Булардын көбү негизинен Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катталууда. Өзгөчө Лейлек районунда илдет тез тарап, ылаңдаган малдын саны 58ге жетип отурат. Шарптын жайылып кетишинин алдын алуу максатында илдет чыккан жерлердин бардыгында карантин жарыяланып, мал базарлар жабылган. Мындан тышкары, облус боюнча 10 ветеринардык-карантин бекети коюлган. Малды эмдөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG