БИШКЕК. Кыргызстандын аймагында дан эгиндери жыйналып бүттү. Быйыл 1 млн. 916 миң тонна эгин жыйналды. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев бүгүн айыл чарба жана кайра иштетүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата өткөн салтанаттуу жыйында белгиледи. Премьер-министрдин айтымында, кийинки 10 ай ичинде айыл чарба азыктарынын дүң өндүрүшү 103% ашты. Бул убакытта азык-түлүк өндүрүү тармагына жумшалган инвестициянын өлчөмү 15 млн. долларга жетти. Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат Опера жана балет театрында өттү.