Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга, президент А.Акаев Казакстанга бармак болду


БИШКЕК. 19-ноябрда Бишкекке Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев баш болгон делегация иш сапары менен келет. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов маалымдады. Анын айтымында, Казакстандын тышкы иштер министри өз иш сапарында президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, Э. Мамкуловдун билдиргенине караганда, декабрь айынын орто ченинде президент Аскар Акаев Казакстанга расмий иш сапары менен барышы күтүлөт. Ал эми президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана башка маселелер боюнча бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда. Иш сапарынын кайсы күндөрү болоору келерки аптада так аныкталат. Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, эки өлкөнүн президенттери жолугушкан учурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы транспорт каттамын жеңилдетүү маселеси да талкууланат.

XS
SM
MD
LG