БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны айрым министрлердин Жогорку Кеңештин отурумдарына кийинки учурда келбей жатышканына байланыштуу токтом кабыл алды. Токтомдо төрага Абдыганы Эркебаев өзгөчө маанилүү мыйзам долбоорлору жана эл аралык келишимдер каралган учурларда министрлердин жыйынга келбегенин президент Аскар Акаевге кабарлоого милдеттендирилди. Депутаттардын мындай токтом кабыл алышына бүгүнкү жыйынга чакырылган министрлер эмес, алардын орун басарлары келгени себеп болду. Мындан тышкары, депутаттар министрлердин келбей калганына байланыштуу бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоону белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырышты.