Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Жаза өтөө жайларын реформалоо боюнча Бишкекте алгачкы жыйын өттү


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы жаза өтөө жайларын реформалоо боюнча улуттук программанын жумушчу тобунун алгачкы жыйыны болуп, анда программанын долбоору талкууланды. Ага жазалоо жайларын реформалоо боюнча кеңешчи, «Пенал реформ интернешнл» эл аралык бейөкмөт уюмунун аткаруучу директору Пол Инглиш катышты. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, пенитенциардык системаны реформалоо боюнча программаны кыргыз өкмөтү февраль айында бекитмекчи. Азыр иштеп жаткан жумушчу топтун курамында 9 министрликтин өкүлдөрү бар. Аны юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаев башкарат.

XS
SM
MD
LG