БАГДАД. Ирактын Башкаруучу кеңеши бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү боюнча чараларга колдоо билдирди. Ишенби күнү Башкаруучу Кеңештин мүчөлөрү АКШнын Ирактагы администрациясынын башчысы Пол Бремер менен жолугушуп, маселени талкуулашат. Анын аралыгында, бүгүн Тикриттин жанында америкалык тик учак аскердик базага ракета атканы жаткан ирактыктарга ок ачып, жети кишини жок кылды. Аткылоодо дагы бир киши жарадар болду. Курман болгондордун баары Саддам Хусейиндин тарапкерлери болгон деген божомол бар. Ал аймакты тинтип чыккан америкалык солдаттар ири курал кампаларын, ракеталар менен 600дөй оор дүрмөт таап алышкан. Бүгүн Багдадда жол жээгинде көмүлгөн бомбанын жарылуусунан эки америкалык солдат жарат алды.
Ирактын Башкаруучу Кеңеши бийликти ирактыктарга өткөрүп берүү боюнча чараларга колдоо билдирди