Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Иракта куралчан адамдар португалиялык журналистти туткундап алышты.


Португалиялык радио кабарчы зымсыз телефон аркылуу Ирактын түштүгүндө аны араб тилдүү куралчан адамдар уурдап кеткенин кабарлады. Карлос Ралейрас дагы башка 8 журналист менен кошо Кувейттин чек арасынан Басра шаарын көздөй машинеде келаткан жеринен кол салууга кабылган. Алардын арасындагы бир кабарчы аялга ок тийип, ал жарадар абалда ооруканага жеткирилди. Кол салган белгисиз адамдар машинесине Ралейрасты салып алып изин жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн. Португалиянын өкмөтү Ирактагы АКШ жана Британиялык аскерлерге кайрылып, журналистти табууга көмөк көрсөтүүнү суранды.


Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG