Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Токиодо бүгүн Япония менен АКШнын аскери кызматташтык маселелери талкууланды


Алардын ичинде япон жериндеги америкалык аскерлердин санын кыскартуу мүмкүнчүлүгү да каралды. Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд Япониянын коргонуу мекемесинин башчысы Сигеру Исиба менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң ырасмий Вашингтон соңку эки жылдан бери дүйнөнүн ар түрдүү региондорунда өз позициясын жакшыртканга умтулуп жаткандыгын белгилеп,бул маселе боюнча жаңы концепция иштелип чыккандыгын, анда каралган жол-жоболорду АКШ союздаш өлкөлөр, анын ичинде Япония менен жаңыдан гана талкуулоого киришкендигин билдирди. Азырынча иштин көп жагы айкын боло элек, алдыда узакка созулчу талкуулар турат, деп айтты Рамсфелд. Исиба өз кезегинде Окинава аралындагы америкалык аскерлердин кыскартылышын жактаган көз карашын билдирди.

XS
SM
MD
LG