Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Ысыккөлдө электр энергиясынын акчасын күч менен жыйнап жатышат


КАРАКОЛ. «Каракол жарандык бирдиги» коомдук бирикмеси президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду. Бирикменин жетектөөчү кеңешинин мүчөсү Канымет Жакыпбектегиндин айтымында, электр энергиясы үчүн чогулган карыздарды төлөө маселеси облустун эмес, мамлекеттик деңгээлде чечилиши абзел. Учурда облус аймагында милийсалар, мугалимдер жана дарыгерлер үймө үй кыдырып, электр энергиясы үчүн карыздарды жыйнап жатышат. Канымет Жакыпбектегиндин сөзүнө караганда, карапайым калк «электрди жөнөкөй элге караганда бийлик төбөлдөрү көп жагат, ага жараша алардын карызы көп, бирок ар кандай жолдор менен алар акчасын төлөшпөйт» деп эсептейт. «Эгерде мындай көрүнүш улана берсе элдин нааразычылыгы күчөйт» дейт Канимет Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG