Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Жалалабадда үч тилде чыгуучу гезиттин тушоосу кесилди


ЖАЛАЛАБАД. Апта сайын чыгуучу «Кошуна» аттуу газетанын кыргызчасы Жалалабадда, өзбекчеси Анжиянда, тажик тилиндегиси Коженд шаарында басылды. Аны АКШнын ЮСАИД агенттиги жана Улуу Британиянын эсебинен «Евразия» кору бир жыл бою колдомокчу. Газетанын негизги максаты жер, суу, чек ара көйгөйлөрү көп кошуна үч облустун калкына так маалыматттарды берүү жана андай татаал маселелерди чыр-чатак менен эмес, тынч жол менен чечүүгө көмөктөшүү болуп саналат. «Кошунанын» алгачкы санына 10 миллионго жакын калк жашаган Фергана өрөөнүндөгү жаңылыктарга, элдердин маданий артыкчылыктарын чагылдырган макалаларга орун берилди.

XS
SM
MD
LG