БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте президент Аскар Акаев Эларалык валюта корунун 2-Европа департаментинин башчысы Жон Одлинг Сми менен жолугушту. Кездешүү маалында президент өлкөдөгү инвестициялык жагдай тууралуу маалымат берди. 12-ноябрда Аскар Акаев Эл аралык валюта корунун президенти Хорст Коллер менен жолугушкан. Анда Эларалык валюта кору менен Кыргызстандын ортосундагы 2004-жылдагы экономикалык саясат тууралуу меморандум талкууланган. Меморандум Эларалык валюта корунун 2-Европа департаментинин Тапио Саавалайнен жетектеген миссиясынын катышуусунда иштелип чыккан.
Эларалык валюта кору Кыргызстанга «Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өсүштү камсыздоо» боюнча үч жылдык программанын алкагында колдоо көрсөтүүдө. Миссиянын тыянагына караганда, долбоордун экинчи жылы ийгиликтүү аяктады.