Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

А.Акаев Бириккен улуттар уюмунан 2005-жылдагы шайлоолорду таза өткөрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү


БИШКЕК. «Биз 2005-жылдагы шайлоолордун эл аралык эрежелерди сактоо жолу менен өтүшүн каалайбыз». Мындай пикирин президент Аскар Акаев жума күнү Бириккен улуттар уюмунун шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча миссиясынын башчысы Бланка Антонини айым менен жолугушкан учурда билдирди. Бул тууралуу кабарды президенттин маалымат кызматы ишемби күнү таратты.
Аскар Акаев БУУнун миссия жетекчисинен мамлекеттик автоматташтырылган «Шайлоо» системасын заманбап техника менен жабдууга көмөктөшүүнү өтүндү. Ал эми БУУнун миссия жетекчиси Бланка Антонини айым Кыргызстанга БУУнун баш катчысы Кофи Аннандын тапшырмасы менен келгендигин жана Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын шайлоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG