Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

“Канайым Мария” кемесиндеги кырсык


Француз бийликтери кечээ күнү Сен- Назер портунда болгон кырсыктын себебин иликтей баштады.
Курулуп бүтөйүн деп калган “Канайым Мария-2” кемесине өтчү 20 метр бийиктеги көпүрө сынып кетип, капылет окуяда 15 адам мерт кетти, 30дан көп адам жарадар болду.
Кемени куруп жаткан усталардын үй-бүлөлөрү менен тааныш-достору дүйнөдөгү эң чоң жана эң кымбат кеменин курулушун көргөнү келишкен эле.
Баасы 800 миллион АКШ долларына тете, узуну 345 метр адеми шөкөттөлгөн кеме январда Англиянын жээгине барганда, Британиянын канайымы Елизавета деңиз лайнерине келип, атайын сый тамак берилет деп мерчемделип жаткан. “Канайым Мария-2” андан ары АКШга сапар алыш керек.

XS
SM
MD
LG