Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Сербиянын президенти бүгүн шайланабы?


Бүгүн Сербияда президенттик шайлоо өтүүдө. Бул акыркы 15 айдагы үчүнчү жалпы элдик шайлоо. Мындан мурунку 2 жолку добуш берүүгө шайлоочулардын 50 проценттен азы катышкандыктан, мыйзамга ылайык, шайлоо өтпөдү деп табылган.
Талдоочулардын айтышынча, оппозиция шайлоого бойкот жарыялагандан жана эл саясый оюндан тажагандан улам, бул ирет да президент шайланбай кылышы ыктымал.
Башкаруучу коалициянын өкүлү, эскиден демократчыл саясатчы катары белгилүү Драголюб Мисунович президент шайланышы мүмкүн деп болжолдонууда.
Былтыр декабрада мурдакы президент Милан Мултиновичтин 5 жылдык бийлик мөөнөтү аяктар менен, ал БУУнун Гаагадагы аскерий трибуналына өткөрүлүп берилип, ал азыр экс-президент Милошевич менен чогуу сурак берүүдө.
Ошондон бери Сербия президентсиз жашоодо.

XS
SM
MD
LG