Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:59

Газниде Улуттар Уюмунун кызматкери өлтүрүлдү


Ооганстандын Газни шаарында белгисиз бирөөлөр Улуттар Уюмунун франциялык кызматкерин атып өлтүрдү.
Уюмдун өкүлү Девид Сингхтин билдиришинче, мотоциклчен эки адам франциялык кызматкердин машинесин кууп жетип, атып кетишкен. Айдоочу жеңил жарадар болгон.
Франциялык аял БУУнун Качкындар агенттигинде иштөөчү.
Ооган полициясы кол салуучуларды бүгүн эле колго түшүрдү.

XS
SM
MD
LG