БИШКЕК. Эртең Бишкекте Улуттук кызыл жарым ай коомунда СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган акция өтөт. Анын алкагындагы конкурска Бишкек шаарында жайгашкан бир нече жогорку окуу жайларынын студенттери менен орто мектептердин окуучулары катышат. Улуттук кызыл жарым ай коомунун «СПИДдин алдын алуу» программасы Кыргызстанда 4 жылдан бери иштеп келатат. Бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда ВИЧ-инфекцияга чалдыккан 400дөй адам катталган. Ал эми республикалык «СПИД» борборунун директору Борис Шапиронун маалыматы боюнча, иш жүзүндө Кыргызстанда ВИЧ-инфекцияга кабылгандар алда канча көп.