Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:32

Ооганстанда БУУнун кызматкери киши колдуу болду


Киши колдуу болгон француз аял БУУнун Качкындар иши боюнча боюнча Жогорку комиссариатынын кызматкери эле. Ал түшүп бара жаткан автоунаага Газни шаарында ок жаадырышкан. Ооган президенти Хамид Карзай окуяны террорчулардын колунан келген иши катары баалады. Бул - Ооганстанда Талибан режими бийликтен кулагандан бери БУУнун чет элдик кызматчыларынын биринчи жолу киши колдуу болушу. Ооган бийликтеринин маалыматына караганда, кылмышка катышы бар деген шек менен эки адам кармалды.

XS
SM
MD
LG